казанда

китептерде 9 жолу, 6 китепте
  1. Казганактоо, аябай көп болуу, көбөйүп кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Желелешип бээ байлап, / Казанда аппак май кайнап, / Сары кант, куурдак, бал каймак, / Канчалаган даамдары, / Дасторкондо түр жайнап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Арамдык кылган оңолбос, / Акырында соо болбос, / Айтканын танып коржоңдоп, / Мурадил өлдү Казанда, / Нескара өлдү Сайрамда, / Уушаң өлдү Нарында, / Такыр баарың жем болдуң, / Кузгун менен кажырга! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Калмактардын эң карты, / Аны менен бир жүргөн, / Кыргыздардан бай Кошой, / Мазардын тоосун жайлаган, / Мал семирбей калбаган, / Казанда майы кайнаган, / Катагандын кан Кошой, / Бир күнү мындай ойлогон: / “Нуранын суусун атташпай, / Учурашып катташпай, / Кандай жатып алдым? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колунда барлар тура албай, / Семетейдин алдына, / Кунан байге чаптырып, / Күмбөздү тайып түлөөгө, / Коондой бээни жардырып, / Ак бозунан алдырып, / Ай тамактап чалдырып, / Кемегесин каздырып, / Көп казанды астырып, / Калбай кыргыз көп келди, / Кара курттай кыжылдап, / Бар казанда май кайнап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Илгери бир үйдө казанда эт оодарыштырып жатып, «жетимчиликти менден көп көргөнүң жоктур» деп, кеп уруп отурганын да бир уккамын. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →