казанбак

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Көчкөндө сындырбай, көөсүн жугузбай алып жүрүү үчүн чырпыктан согулуп, казандын сыртынан кептеп коймо кабы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…м” – деп, / Ойуна түшүп ушул кез, / Жолго түштү бачым – тез, / Айалдабай жол жүрүп, / Ат айабай мол жүрүп, / Орчундун кызыл суусуна, / Алмамбет жетип караса, / Казанбактай кара таш, / Суу түбүндө калдырап, / Үзүктөй болгон ак муздар, / Суу үстүндө калкылдап, / Түрүлүп көбүк буу агып, / Түрмөгү менен чөп агып, / Таштын башы коройу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Казанбактай нечен таш, / Көккө учуп зыркырап, / Кара сеңир тумшук тоо, / Талкаланды быркырап, / Ушундай ачып өз жолун, / Макил жүрдү ыркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айтып Тапак барбактап, / Жүгүрүп келип дардактап, / Далысында калганы, / Казанбактай калдактап, / Белин ийип бүгүлүп, / Башын ийип жүгүнүп, / Муну көрүп Тапан хан, / Карап турат бир четте, / Кара жандан түңүлүп, / Муну мындай таштайлы, / Тапан хан менен канчыктын, / Куткарбасты мааналап, / Кеткенинен баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айагы менен тик түшүп, / Казандай болгон кара таш, / Төрт бөлүнүп жик түшүп, / Казанбактай төрт туйак, / Кара жерди казылтып, / Кара темир ооздук, / Көмөкөйгө басылтып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →