казан1

китептерде 123 жолу, 10 китепте казан 2 →
  1. Металлдан (көбүнчө чоюндан) тамак бышырууга ылайыкталып жасалган, көлөмү ар кандай, ооз, жагы тегерек келген идиш.
  2. Суу кайнатып, буусун түтүк аркылуу алып турууга ылайыкталган туюк бак сыяктуу жасалга.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сапты айак уйул тал болсун, / Кымызың мүрөк бал болсун, / Сапты айактын чоңдугу, / Көк казанга тең болсун, / Ичиндеки кымызы, / Аз болсо айдың көл болсун, / Кел чогулуп ичели, / Айкөл шерди биз эстеп, / Ичтеки муңду чечели! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…п аларда, / Салмагын жерге салганда, / Тизеден жерге малынып, / Жер чыдабай жарылып, / Топурак учуп, тоз учуп, / Тунарыктап боз түшүп, / Жердин бети жарылып, / Казан каптай нечен таш, / Аңтарылып торойуп, / Башбагып жерден коройуп, / Тизе бойу көрүнүп, / Нечени чыкты соройуп, / Түбү менен өнгөн чий, / Карарып калды торойуп,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Мажик атын байлады, / Балдар көөнүн жайлады, / Казан асып, от жагып, / Аш-тамак кыла албады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Толгой баскан жеринде, / Топурак топ-топ үйүлгөн, / Каңтара баскан жеринде, / Казан каптай кара чым, / Аңтарылып көрүнгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Онан баскалар казан асбаяк, соган күнү калып отурган жок гой. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →