казактар2
- Казакстан Республикасынын негизги калкын түзгөн эл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лабек - / Баары кары какчайган, / Сакалы аппак саксайган, / Жамандык келбейт колунан, / Байкап көрсөк алардан, / Ысыккөлдөн Медербек, / Анда турат далай кеп; / Казактардын Курмушу, / Алматыны сактаган, / Атагы бар эр ушу; / Таластагы Татыбек, / Кашкардагы Турдана, / Анча кыйын күч кетпейт, / Чынын айтсам буларга, / Өзүбектин эр М…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өзүм эле барайын, / Бир кеңешим бар сизге, / Казактардын Медеркан, / Аны кандай кылайын?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Көкчөдө эки катын бар, / Агеркеч аттуу чоңу бар, / Алмамбет менен ойнош, деп, / Ушак тапты казактар, / Буудайбек – кичи катыны, / Бузуктар аны табышты, / Абдан аны көкүтүп, / Арасына алышты: / Жыйын куруу шылтоосу, / Чогула келип калышты, / Эл баштыгы алтымыш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Казактардын Бердике, / Кылгара атты кындыйтып, / Салып кирип келди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Эл жыргады жай жатып, / Кылга байлап жамбы атып, / Эр сайышып олжо алып, / Эр күрөшү оодарыш, / Аны кошо алпаарып, / Жамбыны атты кыргыздар, / Сайышта жеңди казактар, / Оодарыш менен балбандар, / Төтөгө мырза эл алган, / Илинген жок байгеге, / Ырааккы жерден барган жан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →