каза2
- Өлүм, ажал жетип, дүйнөдөн кайтыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бол Орунбай кат жаз — деп, / Кат жазганда бат жаз — деп, / Атамдан калган алтын мөөр, / Айчыгын анык келтирип, / Айагына бек бас — деп, / Карбалас катты жаздырып, / Алтындан мөөрүн бастырып, / Ысыккөлдө ээлеген, / Кыргыз, казак аралаш, / Ирегелеш жердеген, / Баш кишиси Медербек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ким болду белек казакка, / Айбан кул, анда билдиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кытайдан келген кызталак, / Кызый-кызый божунап, / Кылым казак журтума, / Эмне үчүн кысталат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Кайра тарткан кездерде, / Алмамбет уулу эр неме, / Тайбуурулду чылбырдан, / Таамай жетип алды эле, / Мамындай кебин салды эле: / — Мен Гүлчоро, сен Буурул, / Казакка кеткен тартууга, / Кайдан келип туш болдуң, / Абакем салган Акшумкар, / Абам колго түшкөндө, / Агыткан экен Айчүрөк, / Эми кайдан келип туш болдуң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бир казак артынан жөө кубалап алыптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →