кажылда

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Кажы-кужу этүү, бажылдоо, кажы-кужу этип урушуу, айтышуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каңгайлардын Саранжа, / Кажылдаган калмактар, / Чыгып келди дүркүрөп, / Шириден кылган доолбас, / Үн алышып дүңкүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Капасы келди Кубатай: / — Кажылдаба, сен Шоорук, / Алдыраба, Ырыскан, / Айткан кепти сен угуп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кепти угуп болгондо, / Катындын баары кажылдап, / Жайма сүйлөп ажылдап: / — Өлүгүңдү көрөйүн, / Каракчыдай чочойгон, / Жалпы катын баралы, / Жан-жанына жабылып, / Жара тартып салалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кажылдаган каңгайлык, / Калбай такыр аттанды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Камындырбай Айчүрөк: / — Аш куйганда кишиге, / Өзү ичпей сунчу эмес, / Келе бери алып кел, / Каным катып баратат, / Муну укканда тээ кирген, / Катындын баары кажылдап, / Үрөөнөк иттей ажылдап: / — Чүрөккө мурда сунгунуң, / Толгоонун бети курусун, / Кудай урган күң элек, / Билбейсин кылар жумушуң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →