кажыбас

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Чаалыкпас, кебелбеген чыдамдуу, кайраттуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алик алып саламды, / Бир карады баланы, / Кармашкандан кажыбас, / Болгон экен убагы, / Жыйырма бештей толуптур, / Ошол кезде курамы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Белдүү баатыр Таабалды, / Душмандан качып кажыбас, / Кайратынын кени бар, / Көбүнчөсү каңгайдын, / Таабалдыдан шеги бар, / Көрүп – билип баатырды, / Ошолордон кол салып, / Келе албаган жери бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Найза сайсаң талыбас, / Калкаласа кажыбас, / Сардар барсың бул элде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайраты артык эр экен, / Кажыбастын бири экен, / Кабар антип угулган, / Бүгүн элдин четинен, / Чыгарыптыр чуулган, / Жанайдын башын жебесем, / Хандыгым бекер Курчун хан! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…алса кашаттан, / Банус, Дөөкан, Сотойлор, / Тегеректеп алыптыр, / Ортосунда ойронуң, / Өзү жалгыз калыптыр, / Учурай түшүп Дөөканга, / Өткүр Сыргак сайганда, / Кажыбас деген атынан, / Ыргып кетти капкайда, / Атынын оозун бурбады, / Бануска найза сунганы, / Беттеше албай Банус хан, / Бура тартып качыптыр, / Акылы мунун шашыпты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →