кажы1
- Эби-сынынан тайып, мурдагысындай болбой калуу, эби кетип, кагжырап калуу.
- Талыгуу, начарлоо, алы кетип, чарчап-чаалыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайра тартпай көрүшкөн, / Кажыбай турган эр болсоң, / Сундуруп найза тартпагын, / Сүрдүү баатыр сен болсоң, / Мен деле куруп калайын, / Кайратым сенден кем болсом!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кыргыздан тирүү калбады, / Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, / Кененимди баш кылып, / Кажыр-кузгун талады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…рынча, / Чирикти койбой кескилеп, / Кулгуна жерин тешкилеп, / Эбеп менен себептен, / Күндө салып себелеп, / Түлкүнүн өтүн таптырып, / Жаңылап күндө чаптырып, / Кажырдын өтүн алдырып, / Ийлеп туруп салдырып, / Көкжоруну карматып, / Өлтүрбөй тирүү жардырып, / Тазкарынын алдырып, / Ысуулай бойдон таңдырып, / Кан-ириңин бузулган, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
жайып дагдыйып, / Бир айтканда Тазкара, / Тиктеген көзүн ирмебей, / Карыган койдой чакчыйып, / Бир айтканда Тазкара, / Айткандын баары маскара, / Жемге тойгон кажырдай, / Мүрүсүн салып лакыйып, / Бир айтканда Тазкара, / Төө куйрукту кучактап, / Күндүз жаткан үкүдөй / Жайнап көзү бакыйып, / Сүйлөп жатып Тазкара, / Күлүп кетет …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ушул бойдон көз жумсам, / Тулпарым калар токулбай, / Калдуубет барып таласа, / Ак калпак кыргыз элимдин, / Сөөгү калар койулбай, / Кажырларга жем кылар, / Өлгөндөрүн койдурбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →