кадырлуу
- Кадыры бар, кадыр-барктуу, урматтуу, ардактуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…рап, / Кошойдун жолун караса, / Тоодой тору аты бар, / Колуна алган кушу бар, / Ээрчиткен тайган ити бар, / Толгомо саптуу камчы бар, / Жанында эки киши бар, / Кадырлуу Кошой абаңдын, / Көрө койуп караанын, / Урматын кылып бардык хан, / Түшүшүп тегиз атынан, / Көрпөчөнү жайышты, / Кадырлуу Кошой карыны, / Каркыттап жөлөп алышт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хандан буйрук алыптыр, / Кадырлуунун бири эле, / Калдалаңдап калдастап, / Апкаарый сүйлөп алдастап, / Өзүнүн бойун жыйнабай, / Эки буту салбактап, / Этеги кетип балбактап, / Таноосу көөп барбактап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Торсолдой келип коргонго, / Дарбазадан киргенде, / Кабылан Бакай, Каныкей, / Гүлчоро - үчөө жүгүрүп, / Муну көргөн Чанданбай, / Кадырлуу болгон калгандар, / Кара жандан түңүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бул түгөнгөн Канчоро, / Каары катуу зор Кыйаз, / Хан Бакайдай карыга, / Кастарлуу Гүлүс эренге, / Каныкейдей энеге, / Кадырлуу Чүрөк жеңеге, / Короолош коңшу болгонду, / Кырып салып тынарбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кыздын куржундагы алтыны жана боз жоргосу менен төрт жагым кыбыла болуп, ушул даражага жетип, кадырлуу болдум.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →