кадырлаш1
- Бирин-бири кадырлашкан, кадырын билишкен, сыйлашкан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кутулбайсың сен менден, / Ойлоп койгун баары бир, / Кадырлашып алганга, / Болбойт элең Нурфану, / Олжо болдуң бүгүн бил!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Казактан чыгып кайгырып, / Кадырлашы Көкчөдөн, / Каргаша болуп айрылып, / Күн батыш алып маңдайга, / Тили кургап таңдайда, / Чыканак жерге салбастан, / Чырым уйку албастан, / Тирүүлүктүн кубаты – …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ошуп, / Тура калып Накылай, / Алдынан утур жол тосуп: / — Менин жолум улуу, акыл аз, / Сенин жашың кичүү, элге баш, / Баанайы менен баатырдын, / Баарыга болдуң кадырлаш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Катарда киши куткарбас, / Кадырлаш ага мен болсом, / Сейити атын укканда, / Жүрөгүң чыгып сен корксоң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бириңе-бириң карандаш, / Кадырлашып жүргүлө, / Жакшы санаа ой үчүн, / Жалпы баарың чогулдуң, / Кыздын тойун бергиле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →