кадырла
- Кадырын, баркын билип урматтоо, ардактоо, сыйлоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Уруудан чыккан узуңду, / Бойго жеткен кызыңды, / Кадырлаган кишиңди, / Кызыл ээк карыңды, / Кызыл муштум балаңды, / Убара кылбай биздерди, / Чогултуп тургун аларды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дабытайды көргөндө, / Жаандан ашкан Кененим, / Жагалданып турду эле, / Жанаша келип Дабытай, / Кебин айтты мамындай: / — Эрегишке эр керек, / Эр башкарган эл керек, / Элебей сага катыштым, / Кадырлап каңгай келди, деп, / Эми таанып мен жеттим, / Эрдигиңди белгилеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…/ — Ууга чылап түнөткөн, / Ок менен сени атыптыр, / Тиктеген көзүн кал басып, / Жандата атып жазыптыр, / Оорагың сага жар болуп, / Кылчайбай душман качыптыр, / Кадырлап күттүң калмакты, / Мунун кай жериңде жазыктыр?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…апан ханды бир карап, / Кеп баштады кара жаак: / — Төкөр тайак тайанат, / Элимен азган мен шордуу, / Тайакчалык болот деп, / Сени келдим мааналап, / Хандыгыңды кадырлап, / Кара башым тартуу деп, / Өзүмдү койдум саа арнап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Хандан уккан кебиң жок, / Кадырлап турган жайың жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →