кадыр2
- Алданын эпитет ысымдарынын бири. Адатта. «Алда» менен кошо айтылып, мыкты сапаттарынын бирин – кудуреттүү, күчтүүлүгүн туюнтат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Канча өлсө кара аскер, / Кадыры анын анча эмес, / Ханы өлүп эл калса, / Акылын табыш кыйын кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Абаң Бакай Кыргыл чал, / Кадыр, Түмөн, Шуутулар, / Кыраан Чубак, кырк арстан, / Из кубалап бараткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кадыр алла кудайдын, / Жазганына көнөрмүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошондуктан булардын көпчүлүккө кошулуп, согушка кириши — чын дили менен кириши эмес, анчейин гана калың элге кадырымды сактап калайын деген ой менен, жүзүн саткандык болуп көрүндү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Туура жүрүп, кадыр-баркы артып, атак-даңкы чыгып, токойдогу бүткүл жан-жаныбар, канаттууларга угулат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →