кадуу1
- Тоонун боору, капталы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көк теке баскан адырда, / Телкызыл жүргөн кадууда, / Тайбуурул оттоп семирген,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жалгызектин бүркүтү, / Адырга аркар ототтпойм, / Кадууга жейрен топтотпой, / Коктуга түлкү жойлотпой, / Тектирге теке жайылтпай, / Кайыптын күнүн түгөтүп, / Карып кылып салыптыр, / Канча чыкса карышкыр, / Калтырбай баарын жарыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алдыңдагы Тайбуурул, / Атагы чыккан хан Буурул, / Кадууга чапсаң чаалыкпас, / Канчалык чапсаң арыбас, / Өөдө-ылдый ылгабас, / Өркөчү бийик, сээри пас, / Тутам шыйрак, жез билек, / Тунук тулпар Буурул ат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кыйалын билди Сомбилек, / Кыйналды коркуп экөө, деп: / — Калдуубет менен Коромжу, / Тамактанып келгенче, / Азыгың камдап берейин, / Жатып тургун экөөң деп, / Беттеп басты Кадууга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →