кадимкидей
- Мурдагыдай, болуп жүргөндөй, боло жүргөн абалындай.
- Нак өзүндөй, ачык, даана.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баарысын, баатыр жандырдың, / Эми кала бергенде, / Алаш үчүн кам кылдың, / Сыйкырлуу кыздын амалын, / Сырын ачып шар кылдың, / Акимсинген иттердин, / Кетээр жолун тар кылдың, / Кекилик болгон кыргызды, / Кадимкидей эр кылдың, / Аттанып кетсең алаштан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жоголбосо не болду, / Карыган Бакай абасы, / Кадимкидей хан болду, / Семетей кайра бар болду, / Уулдун уулу кененим, / Жалаңгыч атка конгону, / Жанашкан бенде болбоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карап турган калкы жок, / Элүү- кыркын бир сайган, / Кадимкидей наркы жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Карк үч айга толгондо, / Кадимкидей сапасак, / Айыктырып алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ашып, / Тал менен кайың бой жасап, / Карагайга жанашып, / Четин менен табылгы, / Кыпкызыл болуп жарашып, / Саргарган чөптөр ыргалып, / Кеңкол ата, чоң Талас, / Кадимкидей түрдөнүп, / Береке кирди тоо-ташка, / Баштакыдай сүрдөнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →