кадиксиз2
- Шексиз, күмөнсүз, анык, кадиктенүүгө болбой турган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коштоп алып тулпарын: / “Калмакка барып нетем, — деп, / Кадиксиз жаткан тынч элге, / Салбайын калба бекер, — деп, / Дагы чыкса жаталбай, / Кек алам деп кекерлеп, / Өчүгүшүп көрөйүн, / Ошол кезде бекемдеп” / Деп ойлонуп Кенен…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кадиксиз жерге жол салбас, / Кармашпаса баш албас, / Карачкыдай турганда, / Алмамбет сага кол салбас, - / Акимсинген көптөрү, / Ажарлары өзгөрдү, / Коркпогондо неткени, / Кулдуйуп жатып кеткени, / Коңурукка киргенде, / Коломтодо күл калбай, / Сапырылып кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыңк эткен адам бир жок, / Тыңшап баары укканы, / Кулжанын беш сан эти бар, / Ашпоздору бышырып, / Алып келип тартканы, / Кароолчусун жедик, деп, / Кадиксиз болдук эми, деп, / Хандар кайта кайтканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ошондой деп Чынкожо, / Эр Толтойду ээрчитип, / Он эки түмөн кол алып, / Акун хандын шаарына, / Кирип бармак болду эле, / Жедигердин Толтойу, / Мындай айтып турду эле: / — Элебей кылган доо жаман, / Эңдирип ийген жоо жаман, / Кабар салып баралы, / Кадиксиз болуп жаналы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →