кадак
- 409,5 граммга барабар болгон салмак өлчөмү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Аркасында шаркылдап, / Туура тарткы күмүштөн, / Маңдайында жалтылдап, / Элечеги заңкайып, / Кийгени кызыл дейилда, / Келишимдүү залкайып, / Булгаары тердик беш кадак, / Бурчунда, чеге жаркылдап, / Кундуз менен жээктеп, / Куйушканын байлабай, / Күмүш менен тээктеп, / Үзөңгү күмүш жалтылдак, / Тогоосу алтын жаркылдап, / Артай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайнатма кара дарыны, / Кадага чылап жаткырып, / Бугу, кулан сүтүнөн, / Кошо аралаш жасаган, / Кубаттуу нечен дарыны, / Өлчөм менен ичирип, / Сагаза гүлүн жыттатып, / Кызыл гүлдүн суусунан, / Дем албастан тамызып, / Таң атканча уктабай, / Шамды жарык жагышып, / Көкбука, Абыл, Жетилбай, / Тулпарларды багышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тайторуну кадага, / Аса байлап салышты, / Сейтек Бакай, Жалгызек, / Баатыр Гүлүс, Керменбай, / Ордого кирип калышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жайы-кышы Кара атты, / Кадага асып байлаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Гүбурнатордун буйругу боюнча бизге апийим айдатып, бир кадак апийимге он эки сомдон такси койду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →