кагыш1
- Уруш, салгылаш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Чакмакташ жетти бакырып, / Жагалмайды куткарып, / Өзү барып Чакмакташ, / Карсылдашып кагышып, / Качырып найза сайышып, / Эки айланып сайышты, / Эрендин бири Чакмакташ, / Каңгайдан келген баатырды, / Кардыгач менен Жагалмай, / Катар сайган капырды, / Ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мелтиреп карап турганда, / Кээ-кээсинде бенденин, / Тилеги жетпейт кудайга, / Капташып Отор кагышты, / Хан Чигитей салышты, / Беттешип Отор кагышты, / Бек Чигитей салышты, / Абалтан бери көп жумуш, / Канча күндөр урушкан, / Болуп өткөн көп жулуш, / Дегеле бирөө окшобойт, / Бүгүнкү кагыш бул уруш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Найзага найза кагышты, / Кадимкидей бул экөө, / Бир беттешип жанышты, / Өтө берип толгонуп, / Жаан айланып салышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Анын ары жагында, / Каркап кырк миң кол баккан, / Кагышканда кан аккан, / Кырмусшаанын Мурадил, / Кызыл жээрде ат минген, / Кыл куйругун чарт түйгөн, / Кароолчу эле бир чети, / Ханга ылайык келбети, / Турган экен бул айбан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро менен Кутургур, / Найзаларын кагышып, / Качпай туруп салышып, / Күүлөп найза сунушуп, / Күчү менен урушуп, / Олпокторун булушуп, / Жан айабай урушуп, / Жаактарын жарышып, / Гүлчородо бадана, / Кут…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →