кагылыш2

китептерде 14 жолу, 7 китепте кагылыш 1 →
  1. Бирине бири урунуу, урулуп кагышуу.
  2. Урушуп калуу, чатакташуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өлүп кеткен нечен дөө, / Түптүү чынар көтөргөн, / Илебин менен Сакычак, / Булардай канча эр өлгөн, / Кагылышкан капташта, / Кара аскер эмес, хан өлгөн, / Белсенип найза өңөргөн, / Мелтиреп зоодой көгөргөн, / Мен-мен деген эр өлгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыйардын эли кытайды, / Отордун эли өзүнчө, / Талап алып жатыптыр, / Карсылдашып эки аскер, / Кагылышып атыптыр, / Каны суудай агыптыр, / Батай, Катай – эки кул, / Кара калмак эл менен, / Непак эле качыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жөөлүптүрсүң, Суумерген, / Жаш кызды мага бергин, деп, / Талашка түшкөн кызды бер, / Киши сойуп жебеске, / Башыңды басып катты бер, / Чыдабасаң берерге, / Кагылышаар жерге кел. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…аздарды, / Кезегинде Алмамбет, / Кеңири ачкан майданды, / Кытай, калмак, чубуртуп, / Манжу, заңын кошултуп, / Шибээ, солон, аралаш, / Топого канын жуурултуп, / Кагылышта хан өлүп, / Карапайым жан өлүп, / Каракулак кабылан, / Карчашып жүргөн көгөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Балта менен башка чаап, / Үн угулат бака-бак, / Доошу чыгат жарактын, / Кагылышып чака-чак, / Кулак тунуп мээ кайнайт, / Болуп жатат шака-шак, / Музда келе жаткандай, / Ат дабырты така-так, / Түгөтө кырып болдум, деп, / Эр Сейити караса, / Бири да өлбөң миң киши, / Баары турат сапа-сак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →