кагылайын

китептерде 42 жолу, 7 китепте
  1. Бирөөнү жакшы көргөндө, жалынып-жалбарганда же эркелеткенде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келген киши Каратил: / — Ой, кагылайын чырагым, / Каратил агаң мени бил. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…үн, / Арстанды карай жиберип: / — Тар курсакта жатпадым, / Жатпасам да курсакта, / Талашып эмчек татканым, / Ата башка, эмчек бир, / Эненин сүтүн тең таткан, / Кагылайын арстаным, / Жашың улуу эки экен, / Жолуң улуу теги экен, / Менден мурун эмизген, / Ак эмчегин энекем... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлүстөн күлүп кеп айтат: / — Абаке, жаткын сен үйдө, / Мен барайын ал жерге, / Сейтек келер он күндө, / Мен келбесем аңгыча, / Жиберип ийгин издерге, / Семетей ага болбоду: / — Кагылайын, Гүлчоро, / Камап келип жоо турса, / Жатып алсам болобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эр Гүлчоро үйүнө, / Канчоро келип бир күнү: / «Кагылайын, Гүлүстөн, / Кабарың, барбы бир иштен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Кагылайындар ай, эми толуп жаткан чунак жетимдерди кайда калкалайбыз? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →