кагаз

китептерде 75 жолу, 9 китепте
  1. Бетине жазууга, сүрөт тартууга, басмада колдонууга ылайыкталып, жыгачтын, ар кандай буланын ж.б. массасынан жасалган материал.
  2. Ушундай материалдын бетине жазылган ар кандай текст (кат, документ, кабар ж.б.).
  3. Бир тоголок, бир пачка.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Караладым кат менен, / Алтымыш байрак кагаздын, / Бир эмес кагаз жүз барча, / Элөөсүз элге карматтым, / Түбүмө менин жеткенде, / Бекбача мында кеткенде, / Ар кайдан келген кербенге, / Тараткын деп элдерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алып келип кагазын, / Мадыбекке беришти, / Мадыбек алып кагазын, / Чигитейге окутуп, / Бастырмак болду жаш баатыр, / Баарысын сырттан коркутуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Катты алып байкуштар, / Кайта жолго салышты, / Карбаластап энтеңдеп, / Ханына жетип барышты, / Өзү жазган кагазды, / Өзүнө бере салышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кагазды кармап бетине, / Атынан айра келгенде, / Тазбайматтын бир киши. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ак кагаздын каты урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →