кабырга
- Бир башы арка омурткаларына туташып, экинчи башы төш сөөгүнө биригип, иймегирээк келген, дененин көөдөн жаккы бөлүгүндөгү ичке сөөктөр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…а кол салып, / Алтай, Чөйчөк, Иледен, / Баркөл, Комул, Турпандан, / Кутубий, Манас - булардан, / Чыгыш-түштүк Асман көл, / Батыш-түштүк Көккамыр, / Арадан эрен кабырга, / Мал алдыңар булардан, / Эч канчалык эмес деп, / Теңелбедик силерге, / Чыгыш түштүк беш урук, / Каракөз менен Калдыктын, / Көл тилине алданып, / Не келдиңер …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…Олпокторун булушуп, / Соотторун жулушуп, / Канжарлашып кармашып, / Кара бойго жармашып, / Калтырбай күчүн арнашып, / Талкаланып тарамыш, / Сөөктөрү зыркырап, / Кабыргалар калбастан, / Калгандай болуп быркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…та-журту алашка, / Ат изин салып көрөйүн, / Адылдыгы чын болсо, / Алдына төөдөй чөгөйүн: / Коңурбайдай олчойсо, / Коржоңдошуп көрөйүн, / Быдыратып күч жетсе, / Кабыргасын сөгөйүн, / Эби келсе тирүүлөй, / Көкчөгө айдап жөнөйүн, / Агамдын ээрчип артынан, / Өмүр бойу жүрөйүн, / Кыйын болсо өлөрмүн, / Казабына көнөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Он алты күн толгунча, / Ороодой көзү олойду, / Конжурга сөөгү коройду, / Кабыргасы саналды, / Күнгө катып төө тери, / Сөөгүнө барып кадалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бизге төшөк салганда эч кимдин кабыргасына бата турган деле неме жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →