кабылан

китептерде 296 жолу, 8 китепте
  1. Жолборс, илбирс, арстан сыяктуу жырткыч айбандардын жалпы аты.
  2. Эпостук чыгармаларда баатырларга колдонулуучу эпитет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Биз узакка кетпейли, / Эстейли жана эстейли, / Эл сүйгөн баатыр Манасты, / Эр жараткан алашты, / Олуйа Кошой карыны, / Кабылан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак бай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Деп ойлонуп кабылан, / — Келген экөөң кет, — деди, / Дабытайга жет, — деди, / Бара жатып аларга, / Учурап калдык талаада, / Кененим деген балаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кабарды айкөл угуптур, / Калкайып көңүл буруптур, / Чакырып алып Серекти, / Кабылан айтып туруптур: / — Алмамбетке барып кел, / Айтып кебиң салып кел, / Жазган катын караткын, / Жаңылыш болуп калбасын, / Аныгы менен өлсө да, / Арманы калбас Ба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Торсолдой келип коргонго, / Дарбазадан киргенде, / Кабылан Бакай, Каныкей, / Гүлчоро - үчөө жүгүрүп, / Муну көргөн Чанданбай, / Кадырлуу болгон калгандар, / Кара жандан түңүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кабыландай, сен чоро, / Семетейди сездирбей, / Алып келсең, болжолго, / Мен дайармын ошондо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →