кабыз
- Кармай калуу, тийүү, жел кармай калуу.
- Зордукчу, тартып алуучу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Канимет кылып жаш баатыр, / Кабызет менен жөнөдү, / Кайта үйүнө келди эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Коркуп калган байкуштар, / Кайдан кылды кабызды, / Кол куушуруп турушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ндөр / Найзаларын кагышты, / Калканчы кылган тондорун, / Капшытынан жарышты, / Жаактарын айрышты, / Бетинин канын агызды, / Он айланып өткөндө / Эр Семет кылды кабызды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бей ажал өлөт далай жан, / Куру кайрат кабыздан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Минген аты Каракөк, / Мындан мурун сайышта, / Өлтүргөнү өтө көп, / Же Ашырбай чынын айтканда, / Калдуубеттен калгандан, / Кабыз эти өөдөрөк.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →