кабатта

китептерде 59 жолу, 8 китепте
  1. Биринин үстүнө экинчисин кабат келтирүү, каттоо, кабат-кабат кылып беттештирүү, бириктирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

деп, / Баатыр ураан чакырып, / Бардап үнүн бакырып, / Кый сүбөөгө найзасын, / Уруп өттү качырып, / Катуу урган найзаны, / Дөнө тийген үстүнө, / Кабаттап темир канчаны, / Ал Сыргактын найзасы, / Тепчип өттү анчаны, / Аңтарып аттан түшүрдү, / Орто тоодой барчаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…колу бар, / Кайнаган эки көзү бар, / Кырчак тоодой мурду бар, / Боз талаадай бети бар, / Турушу барча бир дөбө, / Тогуз кабат кийгени, / Баары соот, күрөөкө, / Кабаттап калкан тартынган, / Буттай темир артынган, / Бул кара нээт калмакка, / Ажалдуу бенде катылган, / Тердебеген Темир көк, / Ал кездеги эрлердин, / Аңгемеси далай … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Пилин минип томтойтуп, / Темирден найза кокойтуп, / Көргөндө жүрөк солк этет, / Чоңдугу тоодой зоңкойуп, / Кабаттап калган тартынып, / Соң темирин артынып, / Чарайнасы чатырап, / Чойун чокмор колтуктап, / Пил минип келди бадырек: / — Бириң эмес, баарың кел, / Мен Майтыкмын билгиң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…бет уулу Гүлүстөн, / Кыл муруту бириндеп, / Каары жүзгө айланып, / Алмабаш мылтык, Акшамшар, / Балтасы болот таш чабар, / Торгой көз темир бадана, / Үштү кийип кабаттап, / Туулганы башка көмөрүп, / Кийгени темир көгөрүп, / Кылычты салып кынына, / Ай балта байлап жанына, / Найза колдо заңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Шамал … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Гүлүстөн тууган Гүлчоро, / Бозжоргону мингизип, / Күрөкө менен олпокту, / Кабаттап ага кийгизип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →