кабат
- Катар.
- Бир нерсенин үстү-үстүнө кабатталган, кат-каты менен жаткан бөлүгү, катмары.
- Өтө көп, мол.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өмүр жандын Кызылкыз, / Он эки кабат ордодон, / Ойу менен тиктирди, / Көрүп көргөн башкадан, / Жетини алып келтирди, / Түндүккө желек байлады, / Байланган желек жети түр: / — Жети бакшы үйгө кир, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тордон түшсө канчасы, / Кабат- кабат салгыла, / Аты менен сүйрөтүп, / Алып келе калгыла!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сыйкыр менен жасаган, / Пилин торго албаган, / Тогуз кабат темирге, / Оролуп Сыргак эр калган!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ан эр кандай болор?!”деп, / Каңгырыктап эл кетти, / Жеткен жерде Кутургу, / Гүлүскө найза сайдырбай, / Сайдырбай да кактырбай, / Капталга муштап өтүү эми, / Үч кабат темир күрөкө, / Торгой көз темир бадана, / Тоскоолдук кылбайт төрт кабат, / Бадырап чыкты эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алты кабат темир тон, / Демейде муну кийинген, / Үч жүз кез найза колунда, / Жети кабат калканы, / Мүрүсүнө илинген, / Алты кабат туулга, / Алмадай башка кийилген, / Үйдөй болгон чойунбаш, / Оң далыга асылуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →