кабарчы
- Кабар берип туруучу, кабарлоочу.
- Радионун, газета-журналдардын ж.б. жер-жерлерден кабар берип туруучу кызматкери, корреспондент.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кабарчы кабар алыптыр, / Чабарманга барыптыр, / Чабарман атын чаптырып, / Көкөйгө жете барыптыр, / Көкжал эр келе жатат, деп, / Көкөй угуп алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
- / Анда Ажыбай кеп айтат, / Кеп айтканда деп айтат: / — Кабарчы болуп калдаңдап, / Күн-түнү жок чабамын, / Сиз сыйактуу хандардын, / Барына кабар саламын, / Көрүнгөн жерге жатып – кооп, / Эркимче жүрө бергенде, / Болжолдуу …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кабарчылар барыптыр, / Баарына кабар салыптыр, / Сапырылып жер чаңдап, / Жетисууда жедигер, / Калбай жөнөп алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кебин уккан чоронун, / Алыска барган кабарчы, / Айлына келди түнүндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кабарчылар бөлүндү, / Айткан жердин баарына, / Эл баштыгы жанына, / Калтырбастан көрүндү, / Келе берсин кабарчы, / Алыска кеткен чабарчы, / Тойдун камы канчалык, / Мундан уккун кабарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →