кабарсыз
- Дайынсыз, дарексиз, кабары жок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аккуланы байлатып, / Башынан берки санаты, / Беш кишиге каратып, / Арстан жатып алыптыр, / Кабарсыз болуп Каныкей, / Өз үйүндө калыптыр, / Ушул күнү Көзкаман, / Качып жолго салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Мен кабарсыз бул кептен, / Бачым бириң барып кел, / Чойтолоңду алып кел, / Кеби болсо угалык, / Кырк күн бүтөт эми эле, / Кандай уруш кылабыз, / Чогулуп кеңеш кылабыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бачымыраак баралы, / Кабарсыз калды калың эл, / Бизди издеп ар кайдан, / Упурак болуп калабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эр Коңур кебин укканы, / Эч текеден кабарсыз, / Элинен булар чыкканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кара чунак көп жетим, / Кабарсыз болуп мен кеттим.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →