кабардар
- Бир нерсенин дарегин, дайнын билген, кабары бар, кабар уккан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атайлап киши чаптырып, / Кабардар кылып кыргызды, / Баарын тайар тургузду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененим айтып бар кебин, / Кабардар кылып бүт элин, / Алтымыш күндөн ашырбай, / Мен аңгыча келем, деп, / Айтып койуп акыл кеп, / Жүрүп кетти Кененим, / Коросонго барам, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алдыңкы жерге көрүнөө, / Кабардар кыздар бар жактан, / Кыздар турган үңкүрдүн, / Оозу жибек тор тарткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →