кабарда
- Болгон нерсе жөнүндө айтуу, дарегин, дайынын билдирүү, кабар кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Элден уккан кабарда, / Чойун кулак келиптир, / Арал, Азык, Лопнурдун, / Котен, Жеркен, Кашкардын, / Элине бүлүк саларга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…арга жолум кеңитип, / Көңтөй менен Шооруктун, / — Ал экөөнүн кунун кууп, / Жаш Манасты сойлотом, / Менин бекер жатышым, / Айландырып ойлосом, / Аз күндөн берки кабарда, / Нарынды таштап талаага, / Ажал жактан шекинип, / Алоооке качкан бечара, / Колунда турса аскери, / Коркок болбос мындайда, / Аркасын карап кылчайбай, / Боздө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мурунку уккан кабарда, / Өткөн чакта заманда, / Катындан чыккан Желмогуз, / Ал түштүктө кез болуп, / Атасы анын Эламан, / Баласынан жакшыраак, / Малга күйгөн жан болуп, / Бок дүйнөнүн камын жеп, / Уулумдан малым артык деп, / Чүкө, сака өгөөсүн, / Таштап койуп журтуна, / Жумшаган экен баргын деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Үч күн болгон Гүлнарга, / Уйку көрбөй жаткалы, / Укмуш кулак кабарда, / Ушундай экен айтканы: / — Кер эсептер санаса, / Сейтек сүрөт көргөн күн, / Түш көргөн Гүлнар башында, / Түн ичинде түш көрсө, / Сейтек жүргөн кашында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жылында берет арбын мал, / Айдап аны маа барба, / Казак-кыргыз боору бир, / Короосу бир, койну бир, / Арстан Манас, эр Көкчө, / Элден уккан кабарда, / Булардын сыйы бөлөкчө, / Семетей менен Үмөтөй, / Эрегишип эрекче, / Өчүгүшүп кийинче, / Үмөтөйдүн Медетбек, / Семетей көккө көтөрүп, / Бөлөмдөн калган белек…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →