кабааган

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. диал. Кабанаак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кабааган иттей арсылдап, / Азуулары кычырап, / Жулкунуп турат токтобой, / Ооздорунан көбүгү, / Ууртунан агып буртулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жүз элүү миңче киши бар, / Жетегинде үч пил бар, / Балбандан бешти алыптыр, / Ашырып айбат калыптыр, / От чачып ооздон булкунат, / Темирге байлап салыптыр, / Кабааган иттен миң экен, / Мойнунда жезден чагарак, / Куйма чынжыр бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мышык келди кыкырап, / Кабааган иттер ыркырап, / Түлкү келди кылыңдап, / Кашкулак жүрөт мулуңдап, / Чөөлөр келди каткырып, / Сыйкыр менен желмогуз, / Жер-жаандын баарысын, / Айбанатка бастырып, / Топону көккө сапырып, / Айууга ийин каздырып, / Көрсөтмөк элге болду эле, / Көп сыйкырын наз кылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →