каардуу
- Каары катуу, ачуулуу, жини жаман.
- Бүлүндүргүч, ырайымсыз, азаптуу.
- Ызгаардуу, суугу катуу, аяздуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өөрчүп турат Бекбача, / Күлүк аттай элирип, / Каардуу Калдык күркүрөп, / Оозунан түтүн буркурап, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от чыгат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эмизбесе ак сүтүн, / Айабаган бүт күчүн, / Зулпукан ыйлап турбайбы, / Каардуу бала султаным, / Зулпукар кындан суурбайбы, / Кыларың ушул сенин, деп, / Баарыбызды кырбайбы, / Кыргыздык жагы агасы, / Көтөрүп аны чоңойткон, / Чынында анын Мадыбек, / Чигитейдин атасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ыргытып, / Тобун бузбай сулатып, / Кулаган таштай уратып, / Олпоктуусун онтотуп, / Сооттуусун сойлотуп, / Балталуусун башка уруп, / Балчыктай кылып жапшырып, / Каардуусун какшатып, / Кылычтуусун кыйратып, / Тамандан чыккан чаңды көр, / Чайкалып жаткан канды көр, / Томпойуп жаткан эрди көр, / Тоңкойуп жаткан атты көр, / Азууларын…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Деп ошентип Кара дөө, / Каардуу үнүн чыгарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Каардуу кайын ата каарданып колун сунду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →