каардан
- Ачуулануу, ачуусу келүү, каарын төгүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Качырып найза сунганы, / Каарданып Бекбача, / Кармап найза ыргады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ден экини, / Чокморлуудан бешөөнү, / Томолотуп өттү эле, / Мен- мен деген жетөөнү, / Жыйырма үч балбан илегер, / Баары мыкты кеменгер, / Карсылдашып кагышып, / Каарданып чабышып, / Төбөдө чокмор чакылдап, / Көөдөндө найза такылдап, / Тегеректеп келгенде, / Тентек тууган Кененим, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагы катуу чүмкөнүп, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ылдап, / Жөө тумандай самсаалап, / Ак асаба, көк желек, / Асманда барат калкылдап, / Кийгени соот күрөөкө, / Күн чагылып жалтылдап, / Токтоно албай кара жер, / Каарданып сурданып, / Карагай найза колго алып: / — Адамсынган бурутту, / Астын-үстүн салайын, / Амалын такыр түгөтүп, / Айдап келе калайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайраттанды Карадөө, / Чоң чокморун колго алып, / Каарданды үңкүйүп, / Кабагың карашы ал салып, / Заарданып Карадөө, / Уйутуп койгон чойундан, / Жолум үйдөй чойун баш, / Опколжуп келип урганда, / Омкорулуп далай таш, / Карс-курс эткен үн чыгат, / Асманда учуп топурак, / Көктү тиреп зоңкойгон, / Тоо түгөнүп баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Кокуй, конок аке, айып этпей тура кал, кайненем катуу киши эле, каарданып келе жатат, – деп үй астындагы ордун оозун ачат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →