каар
- Кыжыры келген, жинденген абал, ачуу, заар.
- Өтө оор кыйынчылык, азап, кордук, запкы.
- Сүр, айбат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бактыбайдын өңдөрү, / Карасур тартып көрүнүп, / Каар жүзүнөн төгүлүп, / Манастап ураан чакырып, / Тоодой болгон Тотойго, / Токтобой тийди качырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…тыр, / Бирөө каман, бирөө шер, / Тең беттешип жатыптыр, / Бири бөйөн, бири чайан – / Заар беттешип жатыптыр, / Токой күйүп тумандап, / Борошолоп жамгыр жаап, / Каар беттешип жатыптыр, / Алдында минген аттарын, / Кара баткак жуурулуп, / Суудай тери куйулуп, / Тей беттешип жатыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тердебес тулпар ат минип, / Кабаттап темир кийинип, / Каар төгүп карарып, / Эрди-мурду жаланып, / Өткүр миз найза карманып, / Акимсип калмак аттанды, / Кененим эми сойлойт, деп, / Буруттан бирди койбойт, деп, / Чойун алп өзү баш болуп, / Чогулган калмак шаттанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жамгырчы менен Балта дөө, / “Сынчыдан миң ат өлдү деп, / Хан Алмамбет баашабыз, / Каарлап алып кетти деп” / Калгандардан угуп кеп, / Куруп калган Сынчыбек, / Кокус өлүп кетер, деп, / Учуп жетип энтелеп: / — Баатыр ат биздерде, / Ат берели бул элге, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Деп, ошентип Гүлчоро, / Күүгүмдөп козу тунарып, / Каарланып Канчоро, / Күчү күчкө уланып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →