каапыр
- Динсиз, мусулман эмес.
- өт. Митаам, арамзаа, абийирсиз, нысапсыз ж.б. Атасынын көрү каапырдын («Манас» С.О.).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Изин кууп баратып, / Чакмакташтын тулпары, / Өлүгүнө капташты, / Өлгөн экен баатыр деп, / Өлтүргөн экен каапыр, деп, / Койуп кетип баратып, / Чакмакташтын тарп болгон, / Өлүгүнө жанашты, / Башын кесип албаптыр, / Сөөгү калган агарып, / Эттен неме калбаптыр, / «Барса бар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түндө чырым албады, / Түнүндө чатак салганы, / Күндүзү тыным албады, / Сайышкан бирден балбаны, / Өтүп барат далай күн, / Бешөө келип чогулуп, / Бир баланы албады, / Кезектешип беш каапыр, / Бирден-бирден барбады, / Күндө уруш чуу менен, / Жердин бети чаңдады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Үйдөй болуп калкайган, / Далысында калканы, / Кабылган киши каапырга, / Чыгып кетер талканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бул каапырды талаага, / Айдап муну ийгиле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бирок большевик каапыр эсепсиз көп сыяктуу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →