каап1

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Каар, кордук, запкы, азап.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Аркасынан тоңкойтуп, / Салып өттү Чакмакташ, / Тегеректеп жабылды, / Чакмакташка алты акмак, / Оңтойуна келтирип, / Үчөөнү катар бир сайды, / Топо тиштеп жерди каап, / Ачылып оозу ырсайды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Иттиги анын кармаса, / Каап алат карс этип, / Талап кетет арс этип, / Байкоосуз чатак табылат, / Бекеринен баш кетип, / Мадыбекти таба көр, / Ылдам барып сен жетип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эки күн жарык көргөзбөй, / Жиберейин, Мадыкан, / Кире турган тар жерге, / Өлүгүң ачык таштабайм, / Этиңди ит жеп кутуруп, / Ээсин каап кокустан, / Калбаны элге баштабайм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бир кара дөбөт ыргыткан ташты барпактап, кууп кетет да жеткен жерине арс этип, бир каап алып кайра келет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →