каалгы

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Үргүлөө, жарым уйкуда болуу, көшүлүңкү тартуу.
  2. Өтө жай кыймылдоо, жай жүрүү, теңселип жай басуу.
  3. Билинер-билинбес ыргалуу, термелгенсип, чайпалгансып туруу.
  4. Абада өтө жай калкып жүрүү, калкып жылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ажаттын кара суусуна, / Тору айгыр жетти ушуга, / Көнүк болгон түгөнгүр, / Асманды карай учканда, / Көмөлдүрүк, артайлы, / Катары менен үзүлүп, / Каалгып барып Карагул, / Кара сууга шалп этип, / Түшкөн жерде жоголуп, / Таш ургандай чулп этип, / Суучул көнүк Карагул, / Суу менен сызды жылт этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайран журт кайда кеткен — деп, / Каалгып ай чыкпаса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кээде каалгып кетип, башы шылк эте түшөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ушул кезде дүйнөдө шырт эткен шыбыш өчүп, Василийдин деңиздеги аралдай жалгыз үйү, толкунсуз көлдө токтогон кемедей каалгып, мемиреп турду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
…ы, алыстан бүлбүлдөп турган Түптүн көпүрөсү анын күнгө чагылышып, быжырап турган сайма жыгачтары көпүрөнүн үстү менен кербендер чубап, узун тартып, акырын гана каалгып жылып, өтүп бараткан өгүз арабалар, андан ылдый Чоң Булактын оозундагы Василийдин жаркыраган үйү, мен уй кайтарган жерлер, Башариндин Ак-Сайдагы бал челеги, Ба… Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →