каалга
- Короонун, үйдүн же башка имараттын ачылып-жабылып турууга ылайыкталып темирден же жыгачтан жасалган эшиги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мурду сеңир кырчактай, / Муруту камыш жекендей, / Оозу үңкүрдөй карарып, / Камандай тиши агарып, / Каалгадай тиштери, / Көрүнүп турат саналып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Же Таласты беттеп жол алып, / Карамендер басканбы, / Кененим жокто жетем, деп, / Кеңирсип жаткан кыргызды, / Асты-үстүнө кылам,деп, / Коросондун каалгасын, / Бузуп кирди талкалап, / Күмбөзүнө айкөлдүн, / Кастык кылып жүрбөсүн, / Так түшүрүп баткалап, / Сайа түшүп изин кууп, / Сапырылтып жөнөдү, / Башка жакка буру…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Бирөө чоктон баскандай, / Көзү жашка жык толуп, / Мыйаз туурап жаткандай: / Алмаңдын башын маң кылып, / Казактын ичтен жаң кылып, / Алмамбет чыгып ал үйдөн, / Каалгасын кан кылып, / Көкчө достон айрылып, / Бара жатса бастырып, / Элесин көрүп Агеркеч, / Эң эле калды шашылып: / — Токтой тургун, айаш, — деп, / Колун булгап чакыры…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Орусхан айтып токтолду, / Эр Гүлүстөн шаңк этип, / Каалгадай тиши жарк этип, / Ителгидей барк этип, / Манастан кепти баштады, / Жакшылык менен жамандык, / Кылайтып бирөөн катпады, / Орусхандын үйүнө, / Сөз айагын таштады…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Аты айткан ишти жасаганда жол ачылат да, атын жетелеп кирип жатса, оң жактан дагы бир кичине каалганы көрөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →