каадасынча
- Адатынча, үйрөнгөн өнөкөтү, көнүмүшү боюнча.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кекилик болбой кутулуп, / Бекбачанын алдына, / Баары келди чубуруп, / Каадасынча Бекбача, / Салам айтып карыга, / Андан калган баарыга: / — Бириң калбай кайтып кет, / Жалпайган үй, жайган мал, / Ээлик болгун оокатка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…напты какшатып, / Андан ары түз басып, / Алашты чаап алгалы, / Арка болгон алашка, / Манасты чаап алгалы, / Кыргыздын элин тебелеп, / Жыпжылма кылып салгалы, / Каадасынча баштагы, / Кыз-келинин алгалы, / Кыйалында жөнөдү, / Кызыл үркүн кылгалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каадасынча манжунун, / Адатынча анжунун, / Кома деп барып Алмамбет, / Сагынышкан немедей, / Кол алыша кетти эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хан жанына келгенде, / Каадасынча бүгүлүп, / Көзүнүн жашы төгүлүп: / — Алдыңа келдим хан Калча, / Айтар дартым бир канча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…генде, / Бастырбай тосуп Буурулду, / Алдына туруп алайын, / Чыгарар бекен зобанын, / Эшитип үнүн калайын” / Деп ойлонуп Кара дөө, / Тирмейип тиктеп турганда, / Каадасынча күндөгү, / Жыйырма кыз алдында, / Жыйырма кыз артында, / Өткөнү бара жатканда, / Бастырып аттуу бара албай, / Же чылбырынан ала албай, / Далдаңдап чуркап Карад…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →