каадасыз
- Каадасы жок, барксыз, нарксыз, шаан-шөкөтү жок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Көкбөрү кандай жандыр, — деп, / Байрак сайсам билбесе, / Каадасыз кандай жандыр?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Семетейдин кеби деп, / Тирүү калган аскерди, / Жай-жайына кайттырды, / Кененимди чакырып, / Кебин эми баштады: / — Чыныке издеп, Кошой издеп, / Суумергенди дагы издеп, / Жүйрүн дөөнү табалы, / Каадасын такыр бүтүрүп, / Чыныкени алалы, / Каадасыз алсак калың жок, / Бизге опа кылабы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыйла күн болду барбадым, / Күйөөсүнүп каадасыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сейитимге эр Тапак, / Түшө калып атынан, / Кол куушуруп кеп айтат: / — Хан каадасын билбеген, / Жан кагышын көрбөгөн, / Байрак сайып туу жайбай, / Төө минген бирөө келатат, / Каракчы болуп чоңойгон, / Каада билбес элдерге, / Кайнап каным баратат, / Каадасыз мундай жумуштар, / Кара жанды кашайтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Мына минтип кайран журт, / Каадасыз итке зарылдык!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →