каадалуу
- Кадырлуу, барктуу, сыйлуу, нарктуу, ардактуу.
- Олуттуу, орундуу.
- Кадыресе, кадимкидей, токтоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
толтура, / Көп дүйнөсүн артынып, / Коногуна жесин деп, / Карача каймал төө алып, / Карбаластап барыптыр, / Карап койбой тартуусун, / Калча кебин салыптыр: / — Каадалуу бир немече, / Калдаңдайсың калп эле, / Чакырып мени ашыңа, / Кат жазар алым бар беле?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сетертай менен сүйлөштүм, / Баш оонанын он беши, / Барлык элиң дүрбөсүңн / Каадалуу киши кептентип, / Канчоронун айылына, / Бирөө барып жүрбөсүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Каадалуу киши кептенип, / Кеп сурайсын сен ким деп, / Атамды айтсам жашырбай, / Бүткүл дүйнө эл билет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ыйлаган баласын сооротуп жаткан кишидей, үнүмдү каадалуу салмак менен чыгарып:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Эмне түш көрдүң, айтчы, каадалуу түшүңдү угайын?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →