каадала
- Урмат кылуу, шаан-шөкөттөө, барктоо, ардактоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Агам менен курбалдаш, / Атагың турса барабар, / Кароолчуда кай кеп бар, / Каадалап андан сен сураар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жайма көкүл жаш Айдар, / Мааникер минип аттанып, / Күн-түн жок жол тартып, / Айткан кандын баарына, / Кабар салып кетиптир, / Калтырбастан териптир, / Каадалап кабар бериптир: / Айагында Каңгайга, / Айрыкчасы жанагы, / Алооке уулу калдайга, / Алпарып катты бериптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ерүү калганы, / Эсен ханды көргөндө, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Мурдагыдай жүгүнбөй, / Таазим кылып бүгүлбөй, / Өрт көрүнүп көзүнөн, / Өктөсү чыгып сөзүнөн, / Каадалап ханын жатпады, / Каарлуу сөзүн баштады: / — Капкайдан келип алаштар, / Түрк улуу элге кол салды, / Түрк улуу мында келишке, / Кытайдан барып жол салды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, / Тизмеги менен жардатып, / Ал нарынын үстүнө, / Алтын, күмүш зар артып, / Канча каптал чай артып, / Алмамбеттин Сарала, / Башына кебез байлатып, / Айчүрөккө каадалап, / Бел куда болуп кетти эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кара калпак камынды, / Каадалап тойду бергели, / Өзү берип, өзү жейт, / Өзгөдөн киши келбеди, / Он шаар эл экен, / Дүрбөп баары келгени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →