иңир
- Күүгүм кирип калган мезгил, күн баткандан кийинки караңгы тарта баштаган мезгил.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Иңир кирип, жер караңгылап калган, жаңкы жаң-жуң Байболоттуку жакта болуп жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Күндө эртең эрте кетип иңирде кайтабыз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Иңир кирип калган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →