иште
- Күч эмгегин, акыл эмгегин жумшоо аркылуу кандайдыр бир жумушту, ишти аткаруу, бир нерсе жасоо аракетинде болуу.
- Кызмат аткаруу.
- Кыймыл-аракетке келүү, кыймыл-аракетте болуу, жүрүп турган абалда болуу.
- Кызмат жүрүп жаткан, жумуш күнү улантылып аткан абалда болуу.
- Кандайдыр бир уюм, мекеме, кружок ж.б. өзүнө тиешелүү милдетин аткарган абалда болуу, иш жүргүзүп туруу.
- Өз милдетин аткаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манас менен бир барып, / Бээжинден өлдү Музбурчак, / Атанын жолун кубалап, / Жакшы –жаман ар иште, / Семетейдин жанында, / Бирге болдум Аккубак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…емпир ыйласын, / Бешикте лалаң ачка өлсүн, / Качып жүрүп уул- келин, / Курбу-курбу ташта өлсүн, / Алысак тартып чубатып, / Арыктап төөлөр чөлдө өлсүн, / Ашарга иштеп аш таппай, / Азаматтар ачка өлсүн, / Куугунда өлсүн азоолор, / Куйугуп өлсүн кулундар, / Чачылсын алтын пулдарың, / Тартып алам бүт баарын, / Азапка салам элиң…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ортосу көкжал темирди, / Өзүм иштеп чыгарам, / Үч темирден курсам, / Үйгө койсоң үркөр боо, / Үнү ачуу Койчагыр, / Ойноп атса Очогор, / Жыйнап атса Замбирек, / Андай күндөр кез келсе, / Сандолун десе эп келет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мээнин кабы жарылган, / Жүрбөй каны уйуган, / Сүйлөбөй тили буулган, / Айабастан иштетип, / Канча түрдүү дарыдан, / Арылган араң ириңден, / Ириң жеп тамыр чириген, / Ушундай түрдүү себептен, / Тили кечир булдурап, / Так келе албай чулдурап, / Кулагын турган чер басып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жакшы, жаман ар иште, / Белди бекем бууштук.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →