ишмер

китептерде 2 жолу
  1. Кандайдыр бир ишти жакшы билген чебер, уста.
  2. Коомдук иштин кандайдыр бир тармагында иши, эмгеги менен өзүн көрсөтө, тааныта алган адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Букардын ханы Карахан, / Ошонун кызы Каныкей, / Опсуз ишмер деп угам, / Эп келсе турган баарыңа, / Ушуну алсам деп турам - / Абдылда барып келгенин, / Элдин баары билиптир, / Өзү бир күн айтар, деп, / Унчукпастан жүрүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…нутуп калба, туйгунум, / Абаңдын кеби керээздир, - / Аңгычакты чыгууга, / Саймалуу сары шым кийип, / Самсыган жорго ат минип, / Салып Көкчө келиптир, / Агеркеч ишмер катын, деп, / Абаң угуп жүрүүчү, / Шымын сурап кийиптир, / — Керек болсо сизге,- деп, / Чечинип Көкчө бериптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →