ишенимсиз
- Ишеними жок, ишенүүгө болбой тургандай, олку-солку, ишеничтүү эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кулагынан челектин, / Айчүрөк кармай алганы: / — Мен ишенимсиз катынмын, / Мына Кыйаз челектин, / Түбүн чулгуп карачы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ары жагында куулук сактап тургандай капкара болгон ишенимсиз көзү үркөнчөөк аттай жалт берип турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →