ишенимдүү
- Ишене тургандай, ынангандай, ишеничтүү, ишенчиликтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алмамбет уулу Гүлчоро, / Адал нээт аппак көөн, / Эмчекти бирге эмишкен, / Ишенимдүү эр эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…ар, / Жалгыз жүрөт кумда оттоп, / Ага барбайт башка аркар, / Кол башындай сандыкка, / Салып койуп сактаткан, / Жети чымчык жаным бар, / Минип жүргөн Тоотору, / Ишенимдүү малым бар, / Тору атта менин демим бар, / Он экиге чыга элек, / Сениң он эки жылдык кимиң бар, / Эмгичекти сага айтпай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жогортон келген улуктай, / Ошондо буйрук салганы: / “Ишенимдүү киши — деп, / Бүтүрөт булар ишти — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →