ишемби
- Жуманын алтынчы күнү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ыраңгиси көп болсун, / Аз болбосун, көп болсун, / Келер апта бейшемби, / Уй башына кишиден, / Аз болгондо экиден, / Кеңколдоку күмбөзгө, / Калбай тегиз шай болсун, / Бейшемби күнү барасың, / Жума күн өрүн аласың, / Ишемби күнү жанасың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ошол отун алганда, / Дүнүйөм толуп кетпейим, / Уруксат бергин, жан досум, / Ишемби жөнөп кетейин, / Бүгүн күнгө шаршемби, / Аңгыча турсам бекемин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чакырып келип Кыйазды, / Канчоро айтат жана да: / — Бүгүн күнгө шаршемби, / Эр Кыйаздын кетишке, / Эки күн калды арада, / Ишемби күнү таң менен, / Ушул турган баарың кел, / Үйдө жаткан карың кел!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эби келсе баарыңа, / Каныкей, Бакай – карыңа, / Эр Гүлүстөн залыма, / Тулпардан калган туйакты, / Тунжурдан калган чунакты, / Хан көтөрүп алалы, / “Иштин башы ишемби”, / Үйгө кетип калалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →