ишарат

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Жаңсап, ымдап берилген белги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кытайдан келди кырк миң жан, / Кыйар деген улук бар, / Ишарат менен иш кылат, / Ооз ачып унчукпай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эр Кененим байкаса, / Сен кантесиң дегенсип, / Ээрдин тиштеп, көз кысып, / Бул Кененим дегенсип, / Ишарат кылып жаткансыйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
— деп, / Ишараты билинет, / Адам тилин түк билбейт, / — Калдай болбой катып кал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Келсин деген ишарат, / Хан Сулаймат бериптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Түлкү "Бөрү жеп койду окшойт" дегенсип кыйыгы менен ишарат кылды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →