ичмек

китептерде 12 жолу, 7 китепте
  1. Тердиктин алдына токулуучу жумшак кийиз, токулга.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Санкору менен кайгоолу, / Тийген жери заарлуу, / Кокустан келип кабылса, / Коркуп кетип шашылба, / Ат ичмегин алыңар, / Аны отко салыңар, / Эр батегин алыңар, / Эптеп отко салыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Душманга башым кармалып, / Кан ичмеге жалбаарып, / Антип менде жан багыш, / Айабаган чоң намыс. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Үзүк менен туурдугун, / Ичмек кылып алгыла, / Бооз катын туш болсо, / Боорунан тилип жаргыла, / Жатындагы баласын, / Такыр сууруп салгыла, / Кемпир менен чалдарын, / Ойноп жүргөн балдарын, / Жүндөй сабап ургула! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ — Качпаган ооган калкы, — деп, / Кырыласың жалпы, — деп, / Мен Сомбилек жаш бала, / Жаңы чыккан баатыр, — деп, / Түп атамдан мага нарк – / Өчөшкөндөн кан ичмек. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Болгон атын сугарып, өзү да ичмекчи болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →