ички

китептерде 37 жолу, 9 китепте
  1. Бир нерсенин сыртына карама-каршы жагындагы, ич тарабындагы, ич жагын караган.
  2. Ич жактагы, төр жактагы, төркү Каныбектер ички үйгө киришти (Жантөшев).
  3. Ичтеги айтыла элек, жарыялана элек, көмүскө.
  4. Ич арага таандык, сыртка, бөтөн тарапка, башкаларга тиешеси жок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мелтиреген көл калды, / Жарымы ачуу ичкисиз, / Жарымы таттуу балга окшош, / Аккан дайра суу калды, / Талкан чалган немедей, / Уйуп жаткан суу көрдү, / Жайы-кышы өчпөгөн, / Күйүп жаткан от көрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ырыскан калды толгонуп, / Кубатайга каш серпип, / Ички сырын айтпаска. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ат жалын тартып мингели, / Кененим жүрөт, саламат, / Бучкагына теңебей, / Жалганы жок чынды айтам, / Жашырбай ички сырды айтам, / Жети дөөнү Кененим, / Бүткүл баарын жеңгенде, / Сага соога кылган жок, / Найза эмес темене, / Качан алды теңине? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Канчорону келтирип, / Колу-бутун чечтирип, / Ичкиниң деп аш берип, / Бакай айтат бир кепти: / — Кызыталак, арам ит, / Атаң Чубак эр эле, / Эр уулу менен тең эле, / Атадан айлан, чунак ит, / Эмне болдуң сен эле?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эмесе, аба» — деп, — / Бура тарта бергенде, / Бурула тартып кеп айтат, / Анык ички сырды айтат: / «Эми жеттим, Семетей, / Суркойон сындуу бууданга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →